Эрдоган менен Путин сүйлөшүү өткөрдү

Сүйлөшүүдө 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы акыркы абал жана тараптардын сүйлөшүү процесстери каралды.

1802712
Эрдоган менен Путин сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын маалыматана караганда, сүйлөшүүдө 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушундагы акыркы абал жана тараптардын сүйлөшүү процесстери каралды.

Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышпоо жана тынчтыктын тез арада түзүлүүсү, ошондой эле аймактагы гуманитардык абалдын жакшырылышы зарылдыгын баса белгилеген президент Эрдоган, Түркиянын бул процессте ар тараптан салым кошууну уланта турганын билдирди. 

Президент Эрдоган менен Орусиянын президенти Путин, Орусия-Украина делегацияларынын кийинки жыйынынын Стамбулда өткөрүлүшү боюнча макулдашышты.

Ал арада тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия менен Украинанын сүйлөшүүчү делегацияларынын Түркияда жолугуша турганын эске салып: «Тараптардын Түркияга болгон ишениминин жоопкерчилигин түшүнөбүз»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги билдирүүсүндө: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын демилгелеринин натыйжасында Орусия менен Украинанын сүйлөшүүчү делегациялары Түркияда жолугушат, тараптардын Түркияга болгон ишениминин жоопкерчилигин түшүнөбүз. Жыйындар туруктуу ок атышпоого жана тынчтыкка алып барат деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Чавушоглу андан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Чавушоглунун Лавров менен сүйлөшүүсүндө Украинага байланыштуу учурдагы абал талкууланды.



Тектеш кабарлар