Украина - Румыния чек арасында түрк талаа ооруканасы кызмат кылууда

Румыния - Украина чек арасындагы Сирет чек ара дарбазасында курулган Түрк талаа ооруканасында эвакуацияланган түрк жарандарынан тышкары, аргасыз көчкөн көптөгөн украиналык да дарыланды.

1792478
Украина - Румыния  чек арасында түрк талаа ооруканасы кызмат кылууда
Turk sahra hastanesi ukrayna siniri2.jpg
Turk sahra hastanesi ukrayna siniri1.jpg
Turk sahra hastanesi ukrayna siniri.jpg

Румыния - Украина чек арасындагы Сирет чек ара дарбазасында курулган түрк талаа ооруканасында эвакуацияланган түрк жарандарынан тышкары, аргасыз көчкөн көптөгөн украиналык да дарыланды.

Украинадан эвакуацияланган түрк жарандарын текшерүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук Медициналык Куткаруу (UMKE) кызматкерлери тарабынан курулган талаа ооруканасы Украинада  согуштан жабыркагандарды айыктырган саламаттыкты сактоо борбору болду.

Поезд жана автобустар менен кээ кээде 35 – 40  саат жүргөндөн кийин чек арага барган жабыркоочуларга Түркиянын жардам колун сунган жана 7 күндөн бери кызматк ылып жаткан талаа ооруканасында аргасых миграция жолунда жүргөн көп сандаган украиналык дарыланды.

Ооруканада медициналык текшерүүдөн өткөн түрк жарандары сапарын улантышты.

Оорукананын жооптуу дарыгери Эмрах Ары 2 тез жардам адиси, 2 медициналык тез жардам техниги жана 6 жардамчы медициналык кызматкердин дайындалганын айтты.

Ары узак жол жана суук аба ырайынан улам эң көп жогорку дем алуу жолдорунун инфекциясы жана ысытма оорусуна кабылгандарын айтты.

Согуш болгон жерде жарылган бомбалардын басымынын таасиринен жаралангандарга да жардам бергендерин  белгилеген Ары, Украинанын борбор шаары Киевде үйүнөн чыгып аргасыз миграция жолунда ооруп калган 7 айлык ымыркай менен апасынын ооруканада дарылангандыгын айтты.

Аймактагы жалгыз оорукананын түрк талаа ооруканасы экенин баса белгилеген Ары : "Биз Түркиядагы мамлекеттик ооруканада жасала турган бардык дарылоо жана кийлигишүүлөрдү жасай алабыз. Бизде 6 керебеттүү, толук жабдылган тез жардам бөлүмү жана 8 керебеттүү тез жардам бөлүмү бар. Аймакта ушундай шартта оорукана жок. Жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери да бизге бейтаптарды жөнөтүшөт. Кызыл Крест жана башка жарандык коомдук уюмдар да кайрылган бейтаптарды биздин ооруканага алып келишүүдө»,- деди.



Тектеш кабарлар