Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү

Телефондогу сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы окуялар талкууланды.

1786140
Акар украиналык кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украинанын коргоо министри Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы окуялар талкууланды.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Акар Түркиянын Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүдө өз милдетин аткарууну уланта турганын белгиледи.

Орусия 24-февралда Украинага карай аскердик операциясын баштаган.



Тектеш кабарлар