Мевлүт Чавушоглу Токаев менен видео конференция аркылуу сүйлөштү

Бул тууралуу Мевлүт Чавушоглу твиттерден билдирди.

1784727
Мевлүт Чавушоглу Токаев менен видео конференция аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Казакстандын президенти Касым  -  Жомарт Токаев менен видео  конференция аркылуу сүйлөштү. Чавушоглу твиттерден берген маалыматында жолугушууларды өткөрүү  үчүн  барган Казакстанда коронавирус тестинин позитив чыккандыгын белгиледи. 

Министр Чавушоглу Токаев менен видео конференция аркылуу сүйлөшкөндүгү тууралуу билдирип : "Биз Казакстан менен болгон мамилебизди бардык тармакта өнүктүрүүгө болгон эркибизди дагы бир жолу ырастадык»,- деди. 

Чавушоглу стратегиялык пландоо тобунун жолугушуусун Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен видеоконференция аркылуу өткөргөнүн белгилеп : "Түркия менен Түрк мамлекеттери уюмунун Казакстанга колдоосун жана тилектештигин ырастадык",- -деди. 

Бир тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди Түркия-Казакстан биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун жетинчи жыйынынан кийин биргелешкен билдирүү жасашты.

Билдирүүдө Түркия менен Казакстандын ортосундагы биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун жетинчи жыйыны 24 - февралда Нур-Султанда ийгиликтүү өткөрүлгөндүгү белгиленди. 

Билдирүүдө, өз ара достук жана түшүнүүчүлүк ичинде өткөн жолугушууда тараптардын  эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын бардык аспектилери менен талкуулап, аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашканы маалымдалды. 

 

 



Тектеш кабарлар