Чавушоглу: «Түркия менен Бахрейндин ортосунда КЭК жыйналыштары өткөрүлүшү керек»

Чавушоглу Бахрейндин борбор шаары Манамадагы жолугушуудан кийин Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид эз-Зейяни менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1771164
Чавушоглу: «Түркия менен Бахрейндин ортосунда КЭК жыйналыштары өткөрүлүшү керек»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия менен Бахрейндин ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн Биргелешкен Экономикалык Комиссиясынын (КЭК) жыйналыштарынын өткөрүлүшү керектигин баса белгилеп, тиешелүү теңтөрагалар менен министрлердин бул жолугушууну 23-мартта өткөрүүнү макулдашканын айтты.

Чавушоглу Бахрейндин борбор шаары Манамадагы жолугушуудан кийин Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид эз-Зейяни менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Чавушоглу бүгүнкү жолугушуулардын өзгөчө акыркы мезгилде барган сайын күчөгөн байланыштардын көрсөткүчү экенин баса белгилеп: «Улуу даражалуу Король Хамад бин Иса Аль Халифаны мүмкүн болушунча тез арада өлкөбүздө коноктоодон сыймыктанабыз. Урматтуу президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын саламын, жакшы каалоолорун жана чакыруусун падыша Хамадга дагы бир жолу алып келдик»,-деди.

Мураскор канзаада жана премьер-министр Селман бин Хамад бин Иса Ал Халифа менен да жолугушкандарын баса белгилеген Чавушоглу:«Премьер-министр Салман менен жолукканыбызда өлкөнүн экономикалык көз карашы тууралуу да маанилүү маалыматтарды алдык. Ушул көз караштын алкагында Түркия катары фирмаларыбыз менен бирге колубуздан келген колдоону көрсөтөбүз деп айткым келет. Коргонуу өнөр жайынан саламаттык сактоого жана айлана-чөйрөгө чейин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Биз буларга эң жакшы баа беребиз. Албетте, биз аймактык маселелерге да баа бердик. Бул аймактын жана биздин аймактын туруктуулугу жана тынчтыгы биздин эң чоң тилегибиз. Бул тармактарда Булуң аймактарындагы жакындашуулар бизди кубандырат»,-деди.

Түркия менен Бахрейндин ортосундагы экономикалык карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн КЭК жыйындарынын өткөрүлүшү керектигин баса белгилеген Чавушоглу, тиешелүү теңтөрагалар менен министрлердин бул жолугушууну 23-мартта өткөрүүнү макулдашкандарын жана Тышкы иштер министрлиги катары аларга ар кандай колдоону бере тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар