Түркия Чыгыш Кудста мажбурлоо менен көчүрүүнү айыптады
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.
1765504
Түркия оккупациядагы Чыгыш Кудста Шейх Жеррах районунда жашаган Салихие үй - бүлөсүнүн мажбурлоо менен үйлөрүнөн чыгарылышын айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Шейх Жеррах району башта болгон оккупация астындагы жерлерде палестиналыктарга карата чыгарылган үйлөрдү бошотуу жана жер которуу чечимдеринин эл аралык укукка жана адам укуктарына тескери экени баса белгиленди.
Билдирүүдө Израилдин Кудустун демографиялык жана укуктук статусуна доо кетирген бир тараптуу аракеттеринин эки мамлекеттүү чечим көз карашына жана туруктуу тынчтыктын негизине зыян келтиргени билдирилди.