Шентоп: «БАЭ менен жаңы процесс башталды»

Шентоп БАЭде болгон жолугушууларынын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1765924
Шентоп: «БАЭ менен жаңы процесс башталды»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп, Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) ортосунда жаңы процесс башталганын белгилеп, президент Режеп Таййип Эрдогандын февраль айында бул өлкөгө бара турганын билдирди.

Шентоп БАЭде болгон жолугушууларынын алкагында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркия менен БАЭнин ортосундагы соода көлөмүнүн азыркы абалын сактаганын баса белгилеген Шентоп, БАЭнин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заиддин ноябрь айында Түркияга жасаган сапары менен жаңы процесс башталганын айтты.

Шентоп:«Түркия менен БАЭнин ортосунда (ноябрда) көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Президент Режеп Таййип Эрдоган да февраль айынын ортосунда БАЭге барат. Учурдагы мамилелерди абдан кыска убакыттын ичинде бир топ жакшы жерге, деңгээлге алып чыгуу, өнүктүрүү, кеңейтүү жана диверсификациялоо мүмкүн»,- деди.

БАЭ башкаруучуларынын Түркия менен карым-катнаштарын абдан ылдам өнүктүрүү үчүн абдан күчтүү эрки бар экенин баса белгилеген Шентоп:«Президентибиздин БАЭге сапары менен эки өлкөнүн ортосунда дагы бир топ маанилүү кадамдар жасалат. БАЭнин жетекчилери президентибиздин сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын билдиришүүдө»,-деди.



Тектеш кабарлар