Мустафа Шентоп Катардын эмири менен жолугушту
Шентоптун Шура кеңешинин спикери Хасан бин Абдуллах Аль - Ганим жана Катардын премьер - министри жана ички иштер министри шейх Халид бин Халифа бин Абдулазиз Аль Тани менен жолугушуусу пландалууда.
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Катарда Эмир Шейх Темим бин Хамед Аль Сани менен жолугушту.
Эмирлик кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка ылайык, Шентоп борбор шаар Дохада Аль Сани менен жолугушту. Жолугушууда Катар менен Түркиянын ортосундагы достук жана кызматташтык, түрдүү тармактардагы карым - катнаштар талкууланды.
Шентоптун Шура кеңешинин спикери Хасан бин Абдуллах Аль - Ганим жана Катардын премьер - министри жана ички иштер министри шейх Халид бин Халифа бин Абдулазиз Аль Тани менен жолугушуусу пландалууда.
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоптун Доха институтун зыярат кылуусу жана «Жаңы дүйнөгө карай: достук, союздаштык, кызматташтык» темасында сөз сүйлөй тургандыгы да күтүлүүдө.