Ибрахим Калын: «Түркия Украина менен Орусиянын согушуусун каалабайт»

Калын ой жүгүртүү борбору Circle Foundation тарабынан уюштурулган онлайн панелде Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун Европа жана НАТОго тийгизе турган таасирлерине токтолду.

1765110
Ибрахим Калын: «Түркия Украина менен Орусиянын согушуусун каалабайт»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын бир нече жумадан кийин Украинага барарын жана президент Владимир Зеленски менен жолугуша турганын билдирди.

Калын ой жүгүртүү борбору Circle Foundation тарабынан уюштурулган онлайн панелде Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун Европа жана НАТОго тийгизе турган таасирлерине токтолду.

Ибрахим Калын, Орусиянын Украинага каршы жүргүзө турган аскердик операциясынын кесепеттери чоң жана артка кайтарылгыс болорун, Түркиянын маселенин чечилиши үчүн ар кандай роль ойноого даяр экенин айтты.

Маселенин бир канча убакыттан бери күн тартибинде болгонун жана чыңалуунун күчөгөнүнө көңүл бурган Калын, Түркиянын да окуяларды чоң тынчсыздануу менен байкаганын жана бул чыңалуу тобокелдиктерди алып келгенин айтты.

Түркиянын Украинада же Орусия менен Украинанын ортосунда эч кандай аскердик кыймыл, кагылышуу же согуш каалабаганын баса белгилеген Калын: «Биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн, саясий суверенитетин жана социалдык бүтүндүгүн толугу менен колдойбуз»,-деди.

Анкара жаңы согушту көргүсү келбегенин; Сирия, Ирак жана дүйнөнүн башка аймактарында муну жетиштүү түрдө көргөндөрүн билдирген Президенттиктин басма сөз катчысы эки тарапты сабырдуулукка чакырды.

Түркиянын көйгөйгө чечүүчү жол табуу аракетине токтолгон Калын, президент Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленски менен да сүйлөшкөнүн белгилеп, мындай деди: «(Эрдоган) Жада калса экөөнү тең Түркияга келип, көйгөйлөрүн жана пикир келишпестиктерин чечүү үчүн жолугушууга чакырды. Түркия Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууну азайтуу үчүн бардык ролду ойноого даяр. Биз муну Орусия жана Украина экөөнүн тең досу жана НАТОнун союздаш катары жасайбыз».

Президент Эрдогандын бир нече жумадан кийин Украинага барарын жана президент Зеленский менен жолугуша турганын билдирген Калын: «Ошол эле учурда биз чоң жана кайтарылгыс кесепеттерге алып келе турган аскердик аракеттерди болтурбоо үчүн орусиялыктар менен тыгыз байланышта болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар