Армения менен Эрбилге учак каттамдары башталат

Бул тууралуу Жарандык авиациянын башкы дирекорлугу билдирди.

1765005
Армения менен Эрбилге учак каттамдары башталат

Түркиядан Арменияга жана Ирактын Эрбил шаарына каттамдар башталат.

Транспорт жана инфраструктура министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Түркия  менен Армениянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгы, бул сүйлөшүүлөрдөн кийин өз ара учак каттамдарынын башталышына чечим чыгарылгандыгы билдирилди. 

Жарандык авиациянын башкы директорлугу тарабынан Пегасус аба жолдоруна Стамбул Сабиха Гөкчен  -  Ереван багытында жумасына 3 каттамга уруксат берилгендиги белгиленип : "Армян тараптан Fly One Armeniaга да Ереван - Стамбул багытында жумасына 3 каттамга уруксат берилди. Макулдашууга ылайык  алгачкы өз ара каттамдар 2 -  февралда башталат. Fly One Armenia  учагы Түркия убактысы боюнча саат 23:35те Сабиха Гөкчен  аэропортунан учат",- деп билдирилди. 

Дагы бир учуу пунктунун Ирактын Эрбил шаары экени баса белгиленген билдирүүдө : "Анадолужеттин Газиантеп - Эрбил каттамдары 24 - январда башталат. Өз ара каттамдар жумасына 2 күн, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат",- деп маалымдалды. 

 

 


 



Тектеш кабарлар