Париж келишими Түркияда күчүнө кирди

Климаттык алмашуу менен күрөшүүнү максат кылган жана Түркия Улуттук Парламентинде бекитилген Париж келишими бүгүндөн тарта Түркияда күчүнө кирди.

1731984
Париж келишими Түркияда күчүнө кирди

Климаттык алмашуу менен күрөшүүнү максат кылган жана Түркия Улуттук Парламентинде бекитилген Париж келишими бүгүндөн тарта Түркияда күчүнө кирди.

Келишим глобалдык температуранын жогорулашын бул кылымдын акырында  1,5 градуска чейин чектөөнү максат кылууда. Келишим менен парник газдарынын эмиссиясын глобалдык деңгээлде төмөндөө тенденциясына которуу максатталууда.

Президент Режеп Таййип Эрдоган сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында Түркиянын Париж келишимине катышарын жарыялаган. Андан кийин келишим Парламенттин Жалпы Кееңшинде добуш бирдиги менен бекитилди. Ушундайча Түркия келишимге катышкан 192 -  өлкө болду.

Келишимдин негизинде Түркиянын биринчи кадам катары эмиссияны азайтуу максаттарын камтыган улуттук салым билдирүүсүн жаңылоосу жана муну БУУнун катчылыгына тапшырышы пландалууда.

Андан кийин президент Эрдоган билдирген 2053 – жылы таза эмиссияга жетүү максатына карата бир жол картасы түзүлөт.

Эл аралык коомчулук Түркиянын Париж келишимин бекитишин колдоп жатат.

Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын аткаруучу директору Патрисия Эспиноса : "Түркия чоң экономика. Ошондуктан Түркиянын климаттык өзгөрүү менен күрөшүүгө кошкон салымы Париж келишими камтылган бардык тармактарда абдан маанилүү",- деди.  



Тектеш кабарлар