Эрдоган: «Түркия дүйнөлүк экспортто орчундуу чекке жетти»

Президент Эрдоган Стамбулда Экспорттун чемпиондору сыйлыгын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1707592
Эрдоган: «Түркия дүйнөлүк экспортто орчундуу чекке жетти»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын дүйнөлүк экспортто 1 пайыздык үлүш менен орчундуу чекке жеткенин айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын 28-кезектеги жыйыны жана Экспорттун Чемпиондору сыйлыгын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

Кайрылуусунда Түркиянын дүйнөлүк экспортто 1 пайыздык үлүш менен орчундуу чекке жеткенин баса белгилеген Эрдоган: «Дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын катарына кирүү үчүн инвестиция жана өндүрүштү тынымсыз көбөйтүп жолун улантып жаткан Түркиянын эң маанилүү көзүрү экспорт күчү болуп саналат. Биз экспортчуларыбыздын санын 150 миңге, андан кийин 300 миңге чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз»,- деди.

«Өткөн жылы экспортто абдан жакшы көрсөткүчтөргө ээ болдук. Быйыл өтө жогорку деңгээлдебиз»,-деп айткан Эрдоган: «Айлык, 6 айлык жана 12 айлык негизде Республика тарыхыбыздын эң жогорку экспорттук көрсөткүчтөрүнө ээ болдук. 12 айлык экспортубуз биринчи жолу 200 миллиард доллардык чектен ашып 210 миллиард доллар менен рекорд жаңыртты. Август айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 52 пайызга өстү жана 19 миллиард доллар менен бардык убактактардын рекордуна жетиштик. Сентябрда да 20 миллиард долларга жетебиз деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Эрдоган, экинчи чейректе 21,7 пайызды түзгөн рекорддук өсүшкө ээ болгон Түркиянын экспорттогу тез өсүшү менен көңүл бурганын айтты.

Эрдоган ошондой эле экспортту жогорулатуу ылдамдыгына ылайык каржылоону камсыз кыла турган экспортту өнүктүрүү фондун түзүп жатышканын сүйүнчүлөп: «Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын салымдары менен түзүлө турган бул фонддун негизинде экспортчуларыбыздын каржылоо мүмкүнчүлүгүндөгү күрөө көйгөйү жоюлат»,-деди.



Тектеш кабарлар