Грузия Түркияга ыраазычылык билдирди
Тышкы иштер министри Давид Залкалиани Грузия жарандарынын Түркия жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен эвакуациялангандыгын айтты.
Талибан Афганистандын көзөмөлүн колго алгандан кийин борбор шаар Кабулда калган Грузия жарандарынын эвакуацияланашына жардам бергендиги үчүн Түркия менен башка эл аралык өнөктөш өлкөлөргө ыракмат айтты.
Тышкы иштер министри Давид Залкалиани жазуу түрүндө берген маалыматында Грузия жарандарынын Түркия жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен эвакуациялангандыгын баса белгилеп : «Афганистандан Грузия жарандарынын эвакуацияланышына активдүү катышкан бардык эл аралык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем»,- деди.
Залкалиани буларды айтты : «Башынан бери эл аралык өнөктөштөрүбүз менен байланыштабыз жана өзгөчө америкалык, англис, түрк жана венгер кесиптештерими да белгилегим келет. Жарандарыбызды Афганистандан коопсуз түрдө эвакуациялоо алардын жардамы жана колдоосу менен болду».
Жекшемби күнү борбор шаар Кабулдун айланасын курчоого алган Талибан президент Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кетиши жана өкмөт күчтөрүнүн да борбор шаардан чыгышы менен шаарды эч кандай кагылышуусуз колго алды.