БУУ Түркияга көңүл айтты

Бириккен Улуттар Уюмунун  башкы катчысы Антони Гутерреш, Түркияда токой өрттөрү жана суу ташкындарынан каза болгондор үчүн көңүл айтты.

1691934
БУУ Түркияга көңүл айтты

Бириккен Улуттар Уюмунун  башкы катчысы Антони Гутерреш, Түркияда токой өрттөрү жана суу ташкындарынан каза болгондор үчүн көңүл айтты.

Бул тууралуу БУУнун башкы катчынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик билдирүүсүндө : "Башкы катчы Түркияда жакында болгон токой өрттөрүнөн кийин өлкөнүн түндүгүндө болгон сел жана жер көчкүлөрдүн айынан адамдардын каза болушу менен инфраструктуранын жабыркашынан санааркагандыгын билдирди",- деп маалымдады.   

Билдирүүдө Гутеррештин табигый кырсыктардан жапа чеккен үй -бүлөлөргө көңүл айтып, БУУнун бул оор учурда Түркия Республикасынын эли жана өкмөтү менен тилектештик ичинде экендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар