Түркияга дүйнө жүзү көңүл айтып жатат

Түркиянын ар кайсы аймактарында болгон сел апааттарында 44 адам каза тапты.

1691075
Түркияга дүйнө жүзү көңүл айтып жатат

Европа Биримдиги (ЕБ), Иран, Бельгия, Ирландия жана Пакистан Батыш Кара деңиз аймагындагы катуу жаан-чачындын себебинен болгон сел жана суу ташкындарынан улам каза болгон жарандарга байланыштуу Түркияга көңүл айтып, тилектештигин билдиришти.

Европа Биримдигинин Түркия Өкүлчүлүгүнүн Твиттердеги билдирүүсүндө: «Түркияда удаама-удаа болгон апааттар Европа Биримдигинин Түркия Өкүлчүлүгү катары бизди терең кайгыга салды. Кара деңиз аймагында жабыркагандардын кайгысын тең бөлүшөбүз жана Түркияга көңүл айтабыз» деген сөздөр камтылды.

Ирандын Анкарадагы элчилиги да Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркиянын ар кайсы аймактарында болгон сел апааттарында каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты жана жаракат алгандардын тез сакайып кетишин тилеп, Түркиянын жана түрк элинин кайгысын тең бөлүштү.

Бельгиянын Анкарадагы элчилиги болсо Синоп, Самсун, Бартын, Карабүк жана Кастамону калкына тилектештигин билдирди.

Ал эми Ирландиянын Анкарадагы элчилигинин Твиттердеги билдирүүсүндө, Түркияда болгон сел кырсыктарына терең кайгыргандыктары айтылып, селдин айынан жакындарын жоготкондорго көңүл айтышты.

Пакистандын Анкарадагы элчилигинин Твиттерде бөлүшкөн билдирүүсүндө, Пакистан элинин жана өкмөтүнүн көңүл айтуу жана тилектештик каалоо тилектери түрк элине жеткирилди.

Түрк кеңеши болсо Твиттерден: «Түркиянын Батыш Кара деңиз аймагында катуу жамгырдан кийин болгон сел жана жер көчкү апааты үчүн терең кайгыруубузду билдирип, каза болгондорго байланыштуу боордош түрк элине көңүл айтабыз», деп жазды.  



Тектеш кабарлар