Түркия Европа Биримдигинин Мараш туралуу билдирүүсүн айыптады

Түркия Европа Биримдигинин атынан Жабык Мараш тууралуу  маалыматты айыптагандыгын билдирди.

1681477
Түркия Европа Биримдигинин Мараш туралуу билдирүүсүн айыптады

Түркия Европа Биримдигинин атынан Жабык Мараш тууралуу  маалыматты айыптагандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Танжу Билгич бул тууралуу берилген суроолорго жазуу түрүндө жооп берди. Билгич Кипр түрк калкын көрбөстүккө салган, чындыктардан алыс жана бир гана рум тарабынын көз караштарын чагылдырган буга окшогон билдирүүлөрдүн Түркия үчүн маанисинин жок экендигин баса белгиледи.

Мүчөлүк тилектештиги жана вето тынчсыздануусу деген шылтоолор менен ортого салынган Европа Биримдигинин мындай бир тараптуу мамилесинин маселелерди чечүүгө салым кошо албай тургандыгын  баса белгилеген Билгич Европа Биримдигинин атынан Мараш тууралуу маалыматтарды айыпташкандарын билдирди.

Билгич Түркиянын Кипр маселесинин чечилиши жана Мараш тууралуу Түндүк Кир Түрк Республикасы бийлигинин сунуштарына жана чыгарган бардык чечимдерин толук колдой тургандыгын баса белгилеп буларды айтты : «Мараш демилгеси  ТКТР өкмөтүнүн чыгарган чечими. Европа Биримдиги 2004 -  жылы Аннан Планынан кийин Кипр түрк калкына берген убадасында турушу керек жана ТКТРсына кайрылууну билиши керек».



Тектеш кабарлар