Эрдоган: «Түркияда эс алган туристтер биздин өлкөдөн оңой менен баш тарта алышпайт»

Анталья Кемердеги мейманкананын ачылышына катышкан Эрдоган өз сөзүндө эпидемия учурунда туризмди сактап калуу үчүн өтө көп күч-аракет жумшагандыктарын айтты.

1661314
Эрдоган: «Түркияда эс алган туристтер биздин өлкөдөн оңой менен баш тарта алышпайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда эс алып жүргөн туристтердин бул жерден баш тарта албастыгын айтты.

Анталья Кемердеги мейманкананын ачылышына катышкан Эрдоган өз сөзүндө эпидемия учурунда туризмди сактап калуу үчүн өтө көп күч-аракет жумшагандыктарын айтты.

Түркиянын саламаттыкты сактоо кызматтары жагынан абдан жакшы абалда экендигин жана «Дүйнөдө мен бармын» деген өлкөлөрдүн бул жаатта жасай албагандарын Түркиянын жасаганын белгилеген Эрдоган, эмдөөнүн акыркы жетишилген секириктери менен жаңы доор башталганын айтты.

Эрдоган: «Биздин өлкө бара-бара саякаттоо чектөөлөрүнө байланыштуу тизмеден чыга баштады. Биз Франциядан кийин Россиянын бул багытта кабыл алган чечимин кубаттайбыз»,-деди.

Өткөн жылы 16 миллион конок тосулганын билдирген Эрдоган: «Быйыл дагы көп нерселер болот деп ишенем. Түркияда эс алып жүргөн туристтер биздин өлкөдөн оңой менен баш тарта алышпайт»,-деди.

Президент туризмдин ден-соолук, коргонуу өнөр жайы жана текстиль сыяктуу дүйнөлүк брендге айланмайынча токтобой тургандыгын баса белгиледи.

Эрдоган өзүнүн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Анталия облустук уюмундагы программасында сүйлөгөн сөзүндө, Ковид-19 эпидемиясына байланыштуу саякаттоо чектөөсү боюнча Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгилеп, «Мен ал жер дагы чектөөлөрдү алып салат деп үмүттөнөм. Нидерландия дагы ушундай жол менен тыюу салууларды алып салат деп ишенем. Биз бардык адамзатка эшигибизди эң ​​жакшы жол менен ачтык, биз бардык чараларды көрүп жатабыз»,деген сөз айкаштарын колдонгон.

Эрдоган, туризмдеги негизги максаты 2019-жылдагы 52 миллион туристтин санын тез аранын ичинде кайтарып келүү жана андан кийин 70 миллион көрсөткүчкө баруу экендигин баса белгиледи.

Измирдеги Элдердин Демократиялык партиясынын (HDP) имаратына жасалган кол салууга токтолгон президент Эрдоган, чагымчыл кол салууну эң катуу түрдө айыптагандарын жана ага окшогондорду дагы айыптай тургандарын айтты.

Кол салган адамга эң оор жаза берилет деп ишенгенин айткан Эрдоган: «Кылмышкерге чейинки жана анын артындагы бардык мамилелердин бети ачылат»,-деди.



Тектеш кабарлар