Эрдоган: «Жылдын аягына чейин өзүбүздүн Ковид-19га каршы вакцинабыз болот деп ишенем»

Министрлер кеңешинин отурумунан кийин президент Эрдоган эпидемия менен күрөшүүдө июнь айында ишке ашырыла турган «акырындык менен нормалдаштыруу» календарын жарыялады.

1649142
Эрдоган: «Жылдын аягына чейин өзүбүздүн Ковид-19га каршы вакцинабыз болот деп ишенем»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «(Коронавирустун жаңы түрүнө каршы Ковид-19) Жылдын аягына чейин өзүбүздүн вакцинабыз болот деп үмүттөнөбүз»,-деди.

Министрлер кеңешинин отурумунан кийин президент Эрдоган эпидемия менен күрөшүүдө июнь айында ишке ашырыла турган «акырындык менен нормалдаштыруу» календарын жарыялады.

Буга ылайык, коменданттык саат жекшемби күндөрү улантыла берет, чектөө башка күндөрү кечки саат 22: 00дөн баштап (Түркия убактысы боюнча) ишке ашырылат.

Тамак-аш, коомдук жашоо, эмгек жашоосу, маданият, искусство жана спорт сыяктуу иш-чаралар ошого жараша уюштурулат.

Июнь айында Ковид-19га каршы «вакцина мобилизациясын» көздөп жатышкандарын белгилеген Эрдоган: «Жылдын аягына чейин өзүбүздүн вакцинабыз болот деп ишенем»,-деп айтты.


Этикеткалар: #вакцинабыз , #Эрдоган

Тектеш кабарлар