Президент Эрдоган : "Максатыбыз Кипр түрк калкынын гүлдөгөн келечекке ээ болушу"

Президент Р. Т. Эрдоган жыл сайын 75 миллион кубометр сууну ата мекен Түркиядан Түндүк Кипр Түрк Республикасына өткөрүлгөндүгүн белгиледи.

1643812
Президент Эрдоган : "Максатыбыз Кипр түрк калкынын гүлдөгөн келечекке ээ болушу"

Президент Р. Т. Эрдоган жыл сайын 75 миллион кубометр сууну ата мекен Түркиядан Түндүк Кипр Түрк Республикасына өткөрүлгөндүгүн белгилеп : «Максатыбыз Кипр түрк калкынын гүлдөгөн келечекке ээ болушу»,- деди.

Президент Эрдоган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын сугат трансмиссия туннели аземине Стамбулдагы Вахдеттин сарайында онлайн режимде катышты.

Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы тарыхый, маданий, аймактык байланыштарга жаңы нерсенин дагы кошулгандыгын белгилеген Эрдоган : «Бүгүн да ата мекендин сууларын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын берекелүү жерлерине жеткире турган сугат туннелин ачып жатабыз. Дыйканчылык кылына турган жерлердин сугатка ачылышы менен жылдык 156 миллион лиралык киреше өсүшү жана 10 000ге жакын киши жумуш менен камсыздалат. Суу кыйынчылыктарын жойо турган долбоорлорубуз менен Кипр түркүн эч кимге муктаж кылбоо чечкиндүүлүгүбүздү ортого салдык»,- деди.

Эрдоган сөзүндө Кипр сүйлөшүүлөрүнө да токтолуп : «Мындан ары эч ким туңгуюктун баасын түрк тарабына төлөтө албайт. Кипр түрк калкы аралдагы баш  - аламандыкка чыдай албай тургандыгын көрсөттү.  Эгерде жаңы сүйлөшүү процесси боло турган болсо, анда ал эки жамааттын ортосунда эмес, эки мамлекеттин ортосунда жүргүзүлүшү керек. Эки мамлекеттин кандай кызматташуу түзө алары аныкталууга тийиш. Оболу Кипр түркүнүн бирдей статусу тастыкталып, сүйлөшүүлөр андан кийин башталышы керек»,- деди.



Тектеш кабарлар