Эрдоган: «Биз "армян геноциди" калпына каршы чындыкты коргоону улантабыз»

Алтун президент Эрдогандын билдирүүлөрүн төмөндөгүдөй бөлүштү.

1626667
Эрдоган: «Биз "армян геноциди" калпына каршы чындыкты коргоону улантабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, "армян геноциди" жалганына каршы чындыктарды коргоону уланта тургандарын айтты.

Эрдогандын төрагалыгы астында өткөн Жогорку Консультативдик Кеңештин жыйынында жаңы конституция, антидемократиялык демилгелер жана армян геноциди жалганы талкууланды.

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жыйын тууралуу билдирүү жасады.

Алтун президент Эрдогандын жыйында жалган "армян геноциди" айыптоолоруна байланыштуу билдирүүлөрүн төмөндөгүдөй бөлүштү.

«Урматтуу президентибиз "армян геноциди " калпына жана бул жалган жалааны колдогондорго каршы чындыкты коргоону саясий эсептөөлөр менен уланта берээрин билдирди».

Алтун, президент Эрдогандын берки сереп салууларына байланыштуу: «Президентибиз, Республикабыздын 100 жылдык мааракесин төңкөрүш конституциясы менен эмес, улутубуздун чечими менен жаңы жана жарандык Конституция менен белгилегиси келгендиктерин билдирип; өлкөбүздүн муктаждыктарына жана улутубуздун күтүүлөрүнө ылайык келген жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты.

Улуттук эркке ээ болуп демократияга туура келбеген кандайдыр бир аракеттерге жана сөздөргө каршы чечкиндүү күрөшө тургандарын баса белгилеген президентибиз, Түркиянын өсүп-өнүгүүсүнүн эч кандай түрдө токтотула албай тургандыгын айтты», деди.

Алтундун билдирүүсүнө караганда, «армян геноциди» жалганына каршы таштала турган кадамдарга байланыштуу да баа берген Кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле Грециянын Кипр, Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Эгей маселелерине терс мамилесин менен Батыш Фракиядагы түрк азчылыгына каршы кысымдарын талкуулашты.



Тектеш кабарлар