Вице - президент Фуат Октай Кипрдеги шейит балдар тууралуу билдирди
Вице - президент Фуат Октай Түркиянын Кипр түркүнүн жанында боло тургандыгын кайталады.
Вице - президент Фуат Октай Түркиянын Кипр түркүнүн жанында боло тургандыгын кайталады.
Кипр түрк республикасында 1974 - жылы 14 - августта шейит болгон 14 бала күбөлүктөрү аныкталгандан кийин көмүлгөн. Вице - президент Октай бул тууралуу твиттерден маалымат берди.
«Түндүк Кипр Түрк Республикасында ЕОКА зулумчулугунан шейит болгон балдардын түбөлүк уйкусуна узатылышы, болгон кыйынчылыкты дагы бир жолу көз алдыбызга алып келди»,- деген Октай аралдагы түрктөрдүн жашоосун жок деп санаган, жок кылууга аракет кылган жана буга көз жумган аң - сезимдин бүгүн да чечилбестик менен жашап жаткандыгын белгиледи. Октай буларды белгиледи : «Кечээ болгондой бүгүн да, эртең да Түркия, бардык мүмкүнчүлүктөрү менен Кипр түркүнүн жанында болот, жанын, мал - мүлкүн, кызыкчылыктарын коргоону чечкиндүүлүк менен улантат. Бул чындыкты бүткүл дүйнө көрүшү керек жана адилеттүү чечимди табууга салым кошушу керек».
ЕОКА : Кипр аралын Грецияга каратуу, тактап айтканда ЕНОСИСти ишке ашыруу үчүн курулган куралдуу уюм.