Turkish Cargo дүйнө жүзү боюнча Ковид-19 вакциналарын ташыйт

Дүйнөнүн 127 өлкөсүнө кызмат көрсөткөн Turkish Cargo Кытайда өндүрүлгөн Ковид-19 вакциналарын Бразилияга жеткирди, ал болжол менен 17 миң чакырым алыстыкта.

1530639
Turkish Cargo дүйнө жүзү боюнча Ковид-19 вакциналарын ташыйт

Түрк аба жолдорунун (THY) жүк ташуучу бренди болгон Turkish Cargo коронавирустун (Kovid-19) вакциналарынын жаңы түрлөрүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнө континенттер ортосунда курган аба жүк көпүрөсү менен жеткирип турат.

Дүйнөнүн 127 өлкөсүнө кызмат көрсөткөн Turkish Cargo Кытайда өндүрүлгөн Ковид-19 вакциналарын Бразилияга жеткирди, ал болжол менен 17 миң чакырым алыстыкта.

Атайын муздатуу тутумдары бар 7 контейнерге салынган вакциналар Стамбулдан трансфер менен Түштүк Американын эң ири шаары Сан-Паулуга жеткирилген.

Turkish Airlines Press Consultancy тарабынан берилген билдирүүдө төмөнкүдөй сөздөр келтирилген:«Turkish Cargo дары-дармектерди Мумбай, Брюссель, Стамбул, Сингапур, Дубай, Базель, Лондон жана Амстердам сыяктуу маанилүү жана тастыкталган багыттарга жеткирип, 400дөн ашуун багыттардын арасында глобалдык дары коридорун түздү, өндүрүлгөн жана чыгарылып жаткан Ковид-19 вакциналарын жеткирүү боюнча чечкиндүүлүгүн улантууда. IATA CEIV (Көзкарандысыз Текшерүүчүлөрдүн Мыкты Системасы) фарма сертификатына ээ болгон Turkish Cargo компаниясы фармацевтикалык транспортко ылайыкташтырылган жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген «TK Pharma» өнүмү менен муздак чынжырын идеалдуу шартта сактайт. Пандемия мезгилинде дүйнөнүн төрт тарабына тынымсыз дары ташууну ишке ашырган ийгиликтүү бренд январдан сентябрга чейин 40 миң тоннадан ашык дары-дармектерди, ден-соолукка керектүү буюмдарды жана медициналык жабдууларды ташып, ушул мезгилде дары-дармек ташуунун 50 пайыздан ашуун өсүшүнө жетишти».



Тектеш кабарлар