Эрдоган желек тапшыруу аземине катышты

Эрдоган, Текирдагдын Чорлу районундагы 105-артиллериялык полк командирлигинде өткөрүлгөн «41-десанттык бригадасынын командирлигинин туу тапшыруу аземинде» сөз сүйлөдү.

1527333
Эрдоган желек тапшыруу аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, түрк армиясынын аскерлеринин өмүрүнүн акырына чейин туусун таштабаганын айтты.

Эрдоган, Текирдагдын Чорлу районундагы 105-артиллериялык полк командирлигинде өткөрүлгөн «41-десанттык бригадасынын командирлигинин туу тапшыруу аземинде» сөз сүйлөдү.

«Аскердикте туунун маанисин жана түшүнүгүн керектүү учурда жан аябастан сакталышы керек болгон куттуу аманат экенин эң жакшы сиздер билесиздер» деген Эрдоган: «Түрк армиясынын туусу акыркы аскери жан бергенге чейин жерге түшкөн эмес»,-деп айтты.

Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн ар бир бөлүгү, ар бир жоокери жеңиштердин ажырагыс бөлүгү экендигин айткан Эрдоган: «Биздин десанттык бөлүктөрүбүз элибиздин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлеп, ар бир фронттун алдында өлүмдөн коркуу деген эмне экендигин дүйнөгө көрсөтүп турат. Сиздер өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын жана келечегинин эң чоң кепилдиги экениңизди фронттордо көрсөткөн биздин баатырларыбыз болосуздар. Мекенибизге, желегибизге, азаныбызга көз арткандар билип коюшсун, аларды десанттарыбыздын колунан азаптуу тагдыр күтүп турат. Күрөшүң куттуу, жолуң ачык, атууларың таамай, көңүлүң жай, жеңишиң мол болсун, Аллах жардам берсин»,-деди.



Тектеш кабарлар