«Оруч Рейс» 23-ноябрга чейин сейсмикалык изилдөө жүргүзөт

«Оруч Рейс» үчүн жаңы Navtex жарыяланды.

1525918
«Оруч Рейс» 23-ноябрга чейин сейсмикалык изилдөө жүргүзөт

«Оруч Рейс» (сейсмикалык изилдөө) кемеси Чыгыш Жер Ортолук деңизинде 23-ноябрга чейин сейсмикалык изилдөө жүргүзөт.

Түрк деңиз күчтөрүнүн гидрография жана океанография департаменти «Оруч Рейс» үчүн жаңы Navtex жарыялады.

«Оруч Рейс», «Атаман» жана «Женгизхан» аттуу кемелер менен 11-ноябрь Түркия убактысы боюнча саат 21.00ден 23-ноябрь 20.59га чейин Чыгыш Жер Ортолук деңизинде белгиленген аянттарда сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүзө турганы жарыяланган.

Координаттары бөлүшүлгөн кулактандырууда изилдөө кемесинен 6 деңиз мили алыстыктан өтүлүшү керек деген эскертүү да берилди.

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси континенттик шельф жана жаратылыш ресурстарын издөө менен бирге ар түрдүү геологиялык, геофизикалык, гидрографиялык жана океанографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү.

Толук жабдылган жана көп максаттуу дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү изилдөө кемелеринин бири болгон бул кеме 2 жана 3 өлчөмдүү сейсмикалык, гравитациялык жана магниттик түрдө геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзө алат. Ошондой эле бул кеме тереңдиги 8 миң метрге чейин 3 өлчөмдүү, 15 миң метр тереңдикке чейин 2 өлчөмдүү сейсмикалык операцияларды жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар