Эрдоган Алиевди куттуктады

Эрдоган менен Алиевдин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөрү маалымдалды.

1525237
Эрдоган Алиевди куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиевди Тоолуу Карабахта жетишилген жеңиштен улам куттуктады.

Азербайжандын Президенттигинин билдирүүсүндө, Эрдоган менен Алиевдин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөрү маалымдалды.

Билдирүүдө, Карабах согушунда Азербайжандын жетишкен жеңишине байланыштуу лидерлердин бирин-бири куттукташканы белгиленди.

Алиев, согуш учурунда Азербайжанга көрсөткөн саясий жана моралдык колдоосу үчүн Эрдоганга жана түрк элине дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Эрдоган да Алиевге өз өлкөсүнүн колдоосун жогору баалагандыгы үчүн ырахмат айтты.

Лидерлер дос жана боордош Түркия менен Азербайжандын мындан ары да бири-биринин жанында болоорун билдиришти.

Тоолуу Карабахтагы ок атышпоо режимин көзөмөлдөө үчүн түзүлө турган Түркия-Россия тынчтык күчү борбору жөнүндө да сүйлөшкөн лидерлер бул борбордун аймакта туруктуу тынчтыктын орнотулушуна салым кошот деген ишенимин билдиришти.



Тектеш кабарлар