Улуттук коргоо министрлииг : "Өткөн айда 119 террорист жок кылынды"

Жок кылынган 119 террористтин 53 террорист өлкө исинен, 66 террорист чек ара тышынан болгон.

1515089
Улуттук коргоо министрлииг : "Өткөн айда 119 террорист жок кылынды"

Өткөн айда жүргүзүлгөн операцияларда 119 террорист жок кылынды. Анын ичинен 53 террорист өлкө ичинен, 66 террорист чек ара тышынан болгон.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта террористтер тарабынан колдонулган 165 курал буктурмалары, баш калкалоочу жер, үңкүр жана кампа катары колдонулган жерлер жардырылып, 87 даана жарылуучу заттын аныкталып жардырылгандыгы билдирилди. Маалыматта : «ПКК/ЙПД – ЙПГнин финансы булактарынан контрабанда жана наркотикалык заттар менен күрөшүүгө карата чек арада көрүлгөн чаралар менен операциялардын натыжасында көп сандаган курал, ок  - дары жана мыйзам тышы материалдар колго түшүрүлдү.

Чек ара коопсуздугунун түзүлүшү жана (Түркия  - Россия арасындагы)  5 -  март меморандуму менен түзүлгөн ок атышпоодон кийин ушул күнгө чейин Сириянын түндүгүнө 400 000ден ашуун сириялык үйлөрүнө кайтышты.

Армениянын ок атышпоого карабастан жарандарды жана конуштарды бутага алышы менен ушул күнгө чейин Азербайжан жарандарынан 85 киши каза болду жана 385 киши жараланды.

Ливияда БУУ тарабынан таанылган мыйзамдуу өкмөт Улуттук Ынтымактык Өкмөтү менен кол коюлган эки тараптуу келишимдер жана эл аралык мыйзамга ылайык жана Улуттук Ынтымактык Өкмөтүнүн чакыруусу менен (Түркия тарабынан) Ливияга берилген аскердик машыгуу, жардам улантылууда.

Оруч Реис сейсмологиялык изилдөө кемеси континенттиик шельфтин ичинде андан мурда белгиленген программанын негизинде 12 -  окятбрда баштаган иштерин 27 -  октябрга чейин улантат. Түрк куралдуу күчтөрү  Оруч Реис изилдөө кемебизди коштоо жана коргоо милдетин улантууда».



Тектеш кабарлар