Эрдоган Азербайжанды укуктуу күрөшүндө Түркиянын колдой турганын дагы бир жолу билдирди

Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунан кийин билдирүү жасады.

1512828
Эрдоган Азербайжанды укуктуу күрөшүндө Түркиянын колдой турганын дагы бир жолу билдирди

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз зарыл болгон учурларда өз жаныбызды аябай коргогон бул аймактан бизди  арылтуу жөнүндө кыялдарынан баш тартпагандарга дагы көптөгөн коркунучтуу түштөрдү көрсөтөбүз»,- деди.

Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунан кийин билдирүү жасады.

Армениянын Азербайжанга кол салуулары темасында Түркиянын укуктун жана акыйкаттыктын жанында орун алуудан эч качан баш тартпай турганын белгилеген Президент: «Көздөрүн жана жүрөктөрүн биз тарапка бурган ар бир бир тууганыбыздын жанында турууну улантабыз. Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги өлкөбүздүн жана кипрдик түрктөрдүн укуктарынын узурпацияланышына моюн сунган жокпуз. Ошондой эле, басып алынган жерлерин сактап калуу үчүн Азербайжанды колдойбуз. Улутубуздун көз карандысыздыгына жана келечегине чейин созулган ар бир колду сындырабыз»,- деди.

Эрдоган ошондой эле «Фатих» бургулоочу кемесинин кийинки айда бургулоону кайрадан баштай тургандыгын белгилеп, «Биздеги маалыматтар ачылыш жаңылыктарын ала аларыбызды көрсөтүп турат. Кара деңизде табылган табигый газ улуттун келечеги үчүн колдонулат. Дагы бир жолу бул ачылыш пайдалуу болушун каалайм»,-деп айтты.

Президент, бүткүл глобалдык жана регионалдык тең салмактуулук  кыйраганын белгиледи жана Түркиянын өсүп келе жаткан жылдыз позициясында экендигин айтты.



Тектеш кабарлар