Улуттук коргоо министри Эрсин Татарды куттуктады

Улуттук Коргоо министри Хулиси Акар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  5 - президенти болуп шайланган Эрсин Татарга куттуктоо жөнөттү.

1511802
Улуттук коргоо министри  Эрсин Татарды куттуктады
ÖMER ÇELİK.jpg

Улуттук Коргоо министри Хулиси Акар Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  5 - президенти болуп шайланган Эрсин Татарга куттуктоо жөнөттү.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда Акар шайлоонун жыйынтыктары Кипр түрктөрү үчүн пайдалуу болушун каалаган билдирүүсүндө : "1974 - жылдагы Кипр Тынчтык Кыймылы менен тынчтыкка жана коопсуздукка жетишкен, 1983 - жылдан бери көз карандысыз мамлекет болгон Түндүк Кипр түркү  бул шайлоо менен үлгүлүү демократияга ээ экендигин көрсөттү",- деди.  

Түркиянын Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Кипр түрк элдеринин ар дайым жанында болгонун,  1974 - жылы Тынчтык Кыймылынан мурда аралда болгондордун унутулушу мүмкүн эмес экендигин белгилеген министр Акар Тынчтык Кыймылы менен аралдагы тынчтык жана туруктуулуктун сакталышы үчүн Түркиянын эл аралык келишимдер берген кепилдик милдетин аткарууну улантарын билдирди. Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде укук жана кызыкчылыктарын коргоодо өзүнө түшкөн бардык милдетти чечкиндүүлүк менен орундаткандыгын, мындан кийин да орундатууну улантарын баса белгилеп, шейиттерди эскерип,  ардагерлерге бекем жен соолук, узун өмүр каалагандыгын айтты.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясы АК партиясынын катчысы Өмер Челик, укук жана акыйкаттык үчүн күрөштү өзүнө чоң ишеним менен жүргүзгөн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенттик шайлоосунда чоң демократиялык жетилгендикти көрсөткөнүн белгилеп : "Бүткүл дүйнө Түндүк Кипр түрктөрүнүн демократиясынын күчүн көрдү. Кипр түрктөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасынын эгемендик укуктары, Кипр доосу жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо үчүн өзүнүн күчү, көз карашы жана лидерлиги менен өзгөчөлөнгөн Эрсин Татарды Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти кылып шайлады",- деп билдирди.

Челик Кипр түркү ортого салган чечкиндүү мамилесин баса белгилеп, Түркия - Түндүк Кипр Республикасынын кызматташтыгынын келечекте дагы да арттыра тургандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар