Эрдоган Канаданын премьер-министри Трюдо менен сүйлөштү

Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1510680
Эрдоган Канаданын премьер-министри Трюдо менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжандын Армения армиясына каршы операциясын эл аралык таанылган чек араларында, өз аймагында жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Президент Эрдоган Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда Эрдоган менен Трюдонун сүйлөшүүсүндө Түркия-Канада карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшүнө, эки тараптуу соода көлөмүнүн арттылышына жана коргонуу өнөр жайы кызматташтыгындагы  көйгөйлөрдүн жоюлушуна карата кадамдар талкууланды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Армениянын кол салууларынан улам күч алган Азербайжан-Армения жаңжалынын себебинен Канаданын айрым аскердик техникаларды Түркияга экспорттоону токтотушунун өнөктөштүк рухуна каршы келгенин айтты.

Азербайжан-Армения жаңжалындагы көйгөйдүн башкы булагы Тоолуу Карабахтын 30 жылдан ашуун убакыттан бери Армениянын оккупациясында болушу экенин билдирген президент Эрдоган, Азербайжан өзүнүн каршы операциясын эл аралык таанылган чек араларында, өз аймагында жүргүзүп жаткандыгын баса белгиледи.

Президент Эрдоган, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин урматына берилген кечки сый тамак учурунда Канаданын премьер-министри Трюдо менен сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн бир бөлүгүнө катышкан Зеленский Трюдо менен кыскача достук маек курду.



Тектеш кабарлар