Столтенберг Түркияга келет

Столтенберг кийинки аптада Түркия менен Грецияга сапар жасайт.

1501890
Столтенберг Түркияга келет

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг дүйшөмбү күнү Түркияга келет.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда, Столтенберг кийинки аптада Түркия менен Грецияга сапар жасайт.

Столтенберг дүйшөмбү күнү борбор шаар Анкарадагы жолугушуулары учурунда тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана берки жогорку даражалуу жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Андан кийин Афинага сапар тарта турган Столтенберг шейшемби күнү Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис, тышкы иштер министри Никос Дендиас жана коргоо министри Никос Панагиотопулос менен жолугушат.

Түркия менен Грециянын ортосунда уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн кийин Чыгыш Жер Ортолук деңизи темасында бөлүштүрүү ыкмаларына байланыштуу механизмдин түзүлгөндүгүн НАТО кечээ билдирген болчу.



Тектеш кабарлар