Коронавирус: Түркияда акыркы бир айдын эң төмөнкү жоготуусу
Covid-19дан каза тапкандардын саны азайып баратат.
1463464
Түркияда коронавируска (Covid-19) каршы күрөш ийгиликтүү уланып жатат.
Узун убакыттан бери жуктурган учурлардын саны миң адамдан аз болууда...
Акыркы 24 саатта вирустан 15 киши көз жумуп, илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 5 миң 645ке жетти.
Ошол эле убакыттын ичинде 47 миң 412 тест жасалып, 963 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 92 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 211 миң 561ге жогорулады.