Түркия-Марокко карым-катнаштары

Марокконун расмий маалымат агенттиги MAP жарыялаган отчетто, Түркия менен Марокконун өз ара урмат-сыйга негизделген тарыхый карым-катнаштарга ээ экендиги баса белгиленди.

1459368
Түркия-Марокко карым-катнаштары

Марокко, Түркия менен саясий жана экономикалык кызматташтыктын келечектүү потенциалы бар экендигин айтты.

Марокконун расмий маалымат агенттиги MAP жарыялаган отчетто, Түркия менен Марокконун өз ара урмат-сыйга негизделген тарыхый карым-катнаштарга ээ экендиги баса белгиленди.

Отчетто Анкара менен Рабаттын саясий жана экономикалык тармактарда келечектүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендиги жана эки өлкөнүн тең күчтүү, туруктуу саясий жана экономикалык багытты түзүүгө аракет кылып жатканы айтылды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен король Мухаммед VIнын жетекчилиги астында мамилелердин дипломатиялык жана соода келишимдери менен бекемделгендиги баса белгиленген отчетто, эки өлкөнүн өзгөчө Африка жана Азиянын тереңдигинде натыйжалуу жана келечектүү экономикалык динамизмди жарата алаары айтылды.

Ошондой эле соода карым-катнаштарындагы кызматташтык чөйрөлөрүнүн кеңейтилиши жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн учурунда Түркия менен Марокконун карым-катнаштары дагы көбүрөөк жемиш бере турганы билдирилди.



Тектеш кабарлар