Рухсар Пекжан : "Түркия пандемиядан кийин өнөр жай көлөмү жана динамизми менен жолун улантат"

Соода министри Рухсар Пекжан дүйнөдө коргоо чаралары ишке ашырылган 2019 -  жылы Түркиянын 8,5 миллиард долларлык инвестицияны тартканын айтты.

1459846
Рухсар Пекжан : "Түркия пандемиядан кийин өнөр жай көлөмү жана динамизми менен жолун улантат"

Соода министри Рухсар Пекжан Түркиянын жаңы тип коронавирус эпидемиясы процессинде болгондой эле  эпидемиядан кийин да дүйнөдөгү башка өлкөлөрдөн айырмаланып учурдагы өнөр жай көлөмү менен капиталы менен жана динамизми менен ылдам түрдө жолун улантарын айтты.

Пекжан видеоконференция аркылуу катышкан Бета Химия акционердик коому GEBKİMдин кампусунун пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү. Сөзүндө өлкө үчүн стратегиялык мааниси болгон бир инвестициянын дагы пайдубалын түптөө аземинде болуудан кубанычтуу экенин айтты.

Пекжан дүйнөдө коргоо чаралары ишке ашырылган 2019 -  жылы Түркиянын 8,5 миллиард долларлык инвестицияны тартканын жана 108, 8 миллиард долларлык экспортко жеткенин белгилеп : «Буйруса пандемияден кийин да бул процесстен ылдам түрдө чыккан өлкөлөрдүн арасынан орун алабыз»,- деди.

Пайдубалы түптөлгөн заводдун өз тармагында аймагынын эң чоң комплекстеринин бири болорун баса белгилеген Пекжан : «Завод Түркияга импорттолгон продукцияларга кошумча нарк жаратып, жаңы базарларга экспорттолот. Өлкөбүздө да автомобиль, курулуш жана коргонуу өнөр жайы сыяктуу көптөгөн тармактагы секторду жергиликтүү ички жумуштарга мүмкүнчүлүк түзүп, 500 кишини да жумуш менен камсыздайт»,- деди.



Тектеш кабарлар