Түркия Жер Ортолук деңизинде бургулоо иштерин баштайт

Бургулоо иштери 18-июлда башталып 18-августта аяктайт.

1455642
Түркия Жер Ортолук деңизинде бургулоо иштерин баштайт

Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизинде бургулоо иштерин жүргүзөт. 18-июлдан 18-августка чейин аймакта мунай жана жаратылыш газы изделет.

Түркия бир нече жолу өткөргөн машыгуулардан кийин деңиз укуктарын коргоо үчүн дагы бир жолу Чыгыш Жер Ортолук деңизинде болот.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз Жер Ортолук деңиздеги, Кипрдеги, Эгейдеги укуктарыбызды жана кызыкчылыктарыбызды коргоону улантабыз» деген эле.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жаңы бургулоо үчүн Navtex тагыраак айтканда деңиздеги круиз жана активдүүлүк жөнүндө маалымат жарыяланды. Navtex билдирүүсүнө ылайык, бургулоо иштери 18-июлда башталып 18-августта аяктайт.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жаңы бургулоо иштери «Явуз», «Эртугрул Бей», «Осман Бей» жана «Орхан Бей» аттуу төрт кеме менен жүргүзүлөт.

Табигый газ жана мунай зат 1 ай бою белгиленген аймактарда изделет.

Түркия, Navtex билдирүүсүндө "изилдөө жүргүзүлүүчү аймакка киргизилбейт" деп эскертти.



Тектеш кабарлар