Түркия COVID-19 менен кантип күрөшүп жатат?

Түркия ийгиликке акырындык менен жакындап баратат.

1408533
Түркия COVID-19 менен кантип күрөшүп жатат?

Президенттик аппараттын расмий Твиттер баракчасынан Түркиянын жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүү процесси жөнүндө маалымат бөлүшүлдү.

Билдирүүдө Түркиянын эң эрте жана эффективдүү чараларды көргөн өлкөлөрдүн бири катары, Ковид-19 менен күрөшүүдө ийгиликке акырындык менен жакындап баратканы белгиленди.

Дүйнөнү тооруп алган коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында, мамлекет менен жарандык коомдун биригүүсүнүн негизинде Түркиянын жарандарга колдоосунун уланып жаткандыгы баса белгиленген экинчи бөлүшүүдө болсо: «Күн сайын миңдеген үй-бүлөгө ысык тамак жеткирилди. 65 жаш жана жогорку курактагылар менен өнөкөткө айланган ооруга чалдыккан жарандардын муктаждыктары камсыздалды жана «Вефа» коомдук колдоо топтору тарабынан жардам көрсөтүлдү. Жүз миңдеген тазалык каражаттары таратылды. Кан банкы лабораторияларындагы коронавирустун диагностикалык тесттери, 150 үйлөмө чатыр жана 300 көчмө оорукана Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды»,-делди.

Пандемия менен күрөшүү үчүн тренингдер профилактикалык дарыгердин түшүнүгү менен уюштурулгандыгы баса белгиленген билдирүүдө: «Жүз миңдеген жардамга муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Муктаждыгы барларга каржылык жардам көрсөтүлдү. Курмандык үлүшүнөн даярдалган миллиондогон куурулган эт консервалары өлкөнүн бардык аймактарында муктаж болгондорго жеткирилди»,-деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар