Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамы менен ТУУЖдун ачылышынын 100 жылдыгы белгиленип жатат

Парламент төрагасы Мустафа Шентоп жетектеген мамлекеттик кызматкерлер, ТУУЖдун ачылышынын 100 жылдыгы жана 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамынан улам Аныткабирде уюштурулган аземге катышты.

1403972
Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамы менен ТУУЖдун ачылышынын 100 жылдыгы белгиленип жатат

Түркия Улуу Улуттук Жыйынын (ТУУЖ) ачылганынын 100 жылдыгы менен 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамынан улам Парламенттеги Ататүрктүн эстелигинин алдында азем уюштурулду.

Аземде ТУУЖдун төрагасы Мустафа Шентоптун «Ататүрк» эстелигине кызыл жана ак гвоздикалардан турган гүлчамбар коюшунан кийин таазим кылынып, Улуттук гимн ойнолду.

Андан соң Парламент төрагасы Мустафа Шентоп жетектеген мамлекеттик кызматкерлер, ТУУЖдун ачылышынын 100 жылдыгы жана 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамынан улам Аныткабирде уюштурулган аземге катышты.

Аземде Шентоп менен катар вице-президент Фуат Октай, саясий партиялардын лидерлери менен айрым министрлер жана эл өкүлдөрү дагы орун алды.

Шентоп, Мисакимилли мунарасында Аныткабирдин атайын дептерине кол койду.

Улуттук билим берүү министри Зия Селчук, 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамынан улам Аныткабирге зиярат кылды.

Андан соң Селчук, Мисакимилли мунарасында Аныткабирдин атайын дептерине кол койду.

Мисакимилли мунарасында 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамы менен Түркия Улуу Улуттук Жыйынын (ТУУЖ) ачылышынын 100 жылдыгынан улам Стамбулдун Таксим районундагы Жумурият эстелигинин алдында да азем уюштурулду.



Тектеш кабарлар