Эрдоган:«Идлибеги кол салуунун Асад режими үчүн жыйынтыктары оор болот»

Президент Эрдоган, Украинадан кайтып келе жатканда учакта массалык маалымат каражаттарынын мүчөлөрүнө маалымат берди.

1353206
Эрдоган:«Идлибеги кол салуунун Асад режими үчүн жыйынтыктары оор болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Сириянын Идлиб аймагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлерине карай мыкаачылык кол салуу тууралуу Башар Асад режими үчүн мунун оор жыйынтыктары боло турганын айтты.

Президент Эрдоган, Украинадан кайтып келе жатканда учакта массалык маалымат каражаттарынын мүчөлөрүнө маалымат берди.

Кол салуунун Идлиб меморундумунун ачык бузулушу болгонун белгилеген Эрдоган: «Режим үчүн албетте мунун жыйынтыктары да оор болот»,-деди.

Режим элементтерине керектүү жооптун ылдам түрдө берилгенин баса белгилеген Эрдоган, 76 режим элементинин жок кылынганын айтты.

Эрдоган асад режимине каршы операциялар улана турганын белгиледи.

Аймакта Орусиянын иш-аракеттерине да токтолгон Эрдоган: «Орусия менен ушул баскычта кагылышуу же болбосо олуттуу карама-каршылыкка киришибиздин кереги жок. Орусия менен абдан олуттуу стратегиялык демилгелерибиз бар»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Идлиб , #Эрдоган

Тектеш кабарлар