Эрдоган: «Чет өлкөдө жашаган ар бир тууганыбыз түрк улутунун өкүлү болуп саналат»

Дүйнөлүк качкындар форумуна катышуу үчүн Швейцарияга барган Эрдоган бул жерде «Швейцарияга миграция агымынын 50 жылдыгы» аттуу иш-чарада катышуучуларга кайрылды.

1324625
Эрдоган: «Чет өлкөдө жашаган ар бир тууганыбыз түрк улутунун өкүлү болуп саналат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Чет өлкөдө жашаган ар бир тууганыбыз түрк улутунун өкүлү болуп саналат жана 82 миллион жараныбыздан эч айырмасы жок»,-деди.

Дүйнөлүк качкындар форумуна катышуу үчүн Швейцарияга барган Эрдоган бул жерде Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Швейцарияга миграция агымынын 50 жылдыгы» аттуу иш-чарада катышуучуларга кайрылды.

Швейцарияга барган түрктөрдүн 50 жылда жетишкен ийгиликтерине абдан сыймыктангандарын баса белгилеген президент Эрдоган буларга токтолду: «Албетте бул ийгиликтерге оңой эле жетишкен жоксуңар жана акыркы 50 жылдагы ар бир ийгиликтин артында ар бир күн кайгы-сагынуу менен кээде четке кагылуу менен өткөн зор аракет бар».

Президент Эрдоган быйыл 50 жылды артта калтырган Европага көч агымынын ар бир баскычынын сагынуу, кайгы-капа жана көз жашты чагылдырган окуялардан турганын айтты.

Эрдоган: «Чет өлкөдө жашаган ар бир тууганыбыз түрк улутунун өкүлү болуп саналат жана 82 миллион жараныбыздан эч айырмасы жок»,-деди.

Түрктөрдүн Европада чет элдик же бөлөк эмес экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биз Европада чет элдик же бөлөк эмеспиз. Биз тарых бою болуп келгендей бүгүнкү күндө дагы Европада кожоюнбуз»,-деп айтты.

Швейцарияда жашаган түрктөргө кайрылган Эрдоган буларды айтты: «Сиздер кылымдар бою күнөөсүздөр менен жапа чеккендерге каалгасын ачып бүткүл адам баласына үлгү болуп келген ак ниеттүү улуттун балдары болосуздар. Сиздердин өз улутуңузга, тилиңизге, маданиятыңызга, эң маанилүүсү да желегиңизге сыймыктанууңузду каалайм».

 



Тектеш кабарлар