Башкы штабдын мурунку төрагасы Яшар Бүйүканыт каза болду

Түрк куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын 25 - төрагасы, армиянын эс алуудагы мурунку генералы Яшар Бүйүканыт каза болду.

1309833
Башкы штабдын мурунку төрагасы Яшар Бүйүканыт каза болду

Түрк куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын 25 - төрагасы, армиянын эс алуудагы мурунку генералы Яшар Бүйүканыт каза болду. 

Ден соолугуна байланыштуу бир канча убакыттан бери дарыланып жаткан Бүйүканыт эрте мененки сааттарда каза болду. 79 жашында каза болгон Бүйүканыттын жубайы Филиз Бүйүканыт да 4 күн мурда каза болгон. Яшар Бүйүканыт ден соолугуна байланытуу жубайынын жаназа зыйнатына катыша алган эмес. 

Ошол эле учурда президент Р. Т. Эрдоган каза болгон, башкы штабдын мурунку төрагасы, эс алуудагы армиянын генералы Яшар Бүйүканыттын жакындары менен телефон аркылуу сүйлөшүп көңүл айтты.

 

 



Тектеш кабарлар