Түркия-Орусия-Иран үч тараптуу жыйын өткөрүлөт

Ибрахим Калын: «Идлиб макулдашуусунун дал өзүндөй аткарылышын күтөбүз»

1262344
Түркия-Орусия-Иран үч тараптуу жыйын өткөрүлөт

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде 16-сентябрда баш калаа Анкарада Түркия, Орусия жана Ирандын катышуусунда үч тараптуу жыйындын өткөрүлө турганын билдирди.

Калын Конияда журналисттерге маалымат берди.

Сириядагы Идлиб чыңалууну азайтуу аймагында жарандарга карай кол салууларга токтолгон Калын, темага байланыштуу президент Эрдогандын өткөн жумада Орусияда президент Владимир Путин менен жолугушканын эске салды.

Бул жолугушууда Идлибдеги кырдаалдын сүйлөшүлгөндүгүн айткан Калын: «16-сентябрда да Анкарада урматтуу президентибиздин жетекчилигинде Түркия, Орусия жана Ирандын үч тараптуу жыйыны өткөрүлөт. Биз урматтуу президентибиз Орусиянын президенти Владимир Путинге да айткан билдирүүсү, өткөн жылы түзүлгөн Идлиб макулдашуусунун дал өзүндөй аткарылышын күтөбүз. Анткени Идлиб кагылышуусуз аймактардын бири катары Түркия менен Орусиянын кепилдигинде, коопсуздугу камсыздалган, чек аралары белгиленген аймак болуп саналат. Режим күчтөрү жерлерди тартып алуу максатында "террордук топтор бар" деген шылтоо менен жүргүзгөн операцияларын дароо токтотуусу керек»,-деп айтты.

Калын, антпесе Идлибде жаңы адамзаттык трагедиясына себеп болоорун жана Идлиб макулдашуусунун коркунучка кептелеээрин билдирди.

Орусиянын жана Ирандын зарыл болгон сунуштарды Сирия режимине айтуусун күткөндөрүн айткан Калын: «16-сентябрдагы жыйында да бул тема сүйлөшүлөт. Ансыз деле туруктуу чечүүчү жол Сирияда саясий процесстин тез арада ишке ашырылышы болуп саналат. Бул үчүн конституциялык комиссиянын түзүлүүсү, убактылуу өкмөттүн курулуусу, шайлоого барылышы сыяктуу темалар бар. Буларды да ишке ашыруу үчүн президентибиздин лидерлигиндеги иш аракеттерибиз мындан кийин да уланат»,-деди.

 



Тектеш кабарлар