Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңеши эртең чогулат

Улуттук коопсуздук кеңешинде эң оболу Сириядагы Евфрат дарыясынын чыгыш жагына карай ыктымалдуу операция үчүн уланып жаткан даярдыктар күн тартипке келет.

1244275
Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңеши эртең чогулат

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК) эртең президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада чогулат.

УККда эң оболу Сириядагы Евфрат дарыясынын чыгыш жагына карай ыктымалдуу операция үчүн уланып жаткан даярдыктар күн тартипке келет.

Айрыкча, АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффринин өткөн аптада борбор шаар Анкарада ишке ашырган жолугушуулары каралат.

Түрк жана АКШнын аскердик делегацияларынын ортосунда Сирия чек арасында Коопсуз аймактын курулуусу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун иш-аракеттерине баа берилет.

УККда Түркиянын Орусиядан сатып алган С-400 абадан коргонуу системаларынын 12-июлда башталган тапшыруу процесси да каралып чыгышы керек.

Алгачкы батарея тапшыруусу аяктаган С-400дөрдүн ыктымалдуу жайгашуу жеринин сүйлөшүлүшү күтүлүүдө.

Жыйналышта С-400 алынышынын себебинен АКШнын ыктымалдуу санкцияларына каршы таштала турган кадамдар каралат.

Ушул алкакта Түркиянын F-35 согуштук учак программасынан чыгарылган учурунда жүргүзүлө турган жол картасы белгиленет.

Түрк кемелери тарабынан Чыгыш Жер Ортолук деңизинде ишке ашырылган бургулоо жана издөө иштеринде келип жеткен баскыч да УККда үстөлгө коюлат.



Тектеш кабарлар