Түрк университеттери таанытылды
Кабулда көргөзмө-жарманке уюштурулду.
Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасында иш алып барган 8 университет, Ооганстандын баш калаасы Кабулда уюштурулган «Түрк университеттерин таанытуу көргөзмөсүндө» ооган студенттерге таанытылды.
Түрк аба жолдору колдогон жана Turkey Study Center уюштурган көргөзмө-жарманкенин ачылышына катышкан Түркиянын Кабулдагы элчиси Огузхан Эртугрул стенддерди кыдырып жооптуу кызматкерлерден маалымат алды.
Turkey Study Center директору Мухаммет Арал, бул иш-чараны Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында иш алып барган 8 университет менен чогуу уюштургандарын айтты.
Ооганстандын Түркияга студент жөнөткөн өлкөлөрдүн тизмесинде бешинчи орунда экенин айткан Арал, Кабулда биринчи жолу уюштурушкан бул иш-чаранын негизинде ооган студенттерди Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы университеттерде тосуп алууну каалагандарын белгиледи.
Мухаммед Арал Ооганстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштарды билим берүү аркылуу дагы да күчтөндүрүүнү максаттагандарын кошумчалады.