Президент Эрдогандын 19-Майга карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган,билдирүүсүн, «Жашасын эркин, көз карандысыз жана күчтүү Түркия» сөздөрү менен баштап, 19-Майдын Түрк улутунун кайрадан жаралуусу болгонун белгиледи.

1203774
Президент Эрдогандын 19-Майга карата билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «19-Май Ататүрктү эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамы» боюнча билдирүү жарыялады.

Билдирүүсүнө, «Жашасын эркин, көз карандысыз жана күчтүү Түркия» сөздөрү менен баштаган Президент, 19-Майдын Түрк улутунун кайрадан жаралуусу болгонун белгиледи.

Эрдоган: «19-Май, 100 жыл мурда Мустафа Кемал Ататүрктүн Самсунга чыгып улуттук күрөшүбүздү накта баштаткан күнү болуп эсептелет. 19-Май баскынчы күчтөрдү жерлерибизден кубалап чыгарыш үчүн улуттук эрктин, биримдик жана ынтымак рухунун, күчтүү ишенимдин ойгонгон күнү болуп саналат»,-деп айтты.

19-Майдан эгемендикке жана көз карандысыздыкка карай ташталган алгачкы кадам болгона басым жасаган Президент, жаштарга кайрылып: «Мурда болгону сыяктуу бүгүнкү күндө дагы эркиндик жана эгемендигибизге кастык кылган чыккынчы жана мыкаачы борборлорго каршы туруп, бул өлкөнү сиздер коргойсуздар. Бардык нерсе ылдам өзгөргөн доордо жашап жатабыз. Бул ылдам өзгөрүүнүн ичинде илим, өнөр жай, технология жана искусство жаатында сиздин энергия жана толкунданууңузга, сиздин каалоо жана кыялданууңуздарга бул өлкөнүн муктаждыгы бар. Бардыгыбыздын сиздерге муктаждыгыбыз бар. Өлкөбүздү жаңы кыйырларга сиздердин пикирлериңиздер, сиздердин ойлоп табууларыңыздар, сиздердин ой-пикирлериңиздер, сиздердин умтулуу жана чечкиндүүлүктөрүңүздөр алып барат»,-деди.

Президент: «Кол кармашып, көңүл коюу менен өлкөбүздү дагы илгериге жеткирели»,-деп айтып, биримдик жана ынтымакка чакырды.



Тектеш кабарлар