Франциядагы Түрк коомдору Макронго каршы билдирүү жарыялады

Дин иштери Түрк-Ислам биримдиги, Эл аралык Демократтар биримдиги жана Франция-Түрк федерациясы, Эммануэль Макронго каршы билдирүү жарыялады.

1188648
Франциядагы Түрк коомдору Макронго каршы билдирүү жарыялады

Франциядагы Түрк коомдору, президент Эммануэль Макрондун 24-апрелди «жалган армян геноцидин» эскерүү күнү деп жарыялаган токтомду бекитүүсүнө каршылык көрсөттү.

Дин иштери Түрк-Ислам биримдиги, Эл аралык Демократтар биримдиги жана Франция-Түрк федерациясы, Эммануэль Макрондун жакынкы убакта эле 24-апрелди «жалган армян геноцидин» эскерүү күнү деп жарыялаган токтомду бекиткенине каршы биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө, «Франциядагы Түрк коомдору, сектанттык ой-жүгүртүүдөн күч алган кысым көрсөтүүчү топтордун элдердин арасындагы диалогду жана тынчтыкты бузуу үчүн тарыхты инструментке айландыруусун четке кагат»,делди.

Францияда 50 жылдан ашуун убакыттан бери уланган Түрктөрдүн өлкөнүн экономикалык, маданий, социалдык жана саясий турмушуна салым кошуп келгенин белгилеген билдирүүдө, «Франциядагы Түрк коомдору, 1915-жылдагы окуяларды геноцид деп мүнөздөөнү туура көрбөйт»,деген сереп салынды.

Франциянын Конституциялык соту 2 жыл мурда 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу армян дооматтарын да камтыгыдай түрдө «айрым кылмыштардын четке кагылышынын кылмыш болуп саналышы» тууралуу мыйзамдын тийиштүү өкүмүн жойгон болчу.



Тектеш кабарлар