Тышкы иштер министри Нью - Йоркто курулуп жаткан Түрк үйүнө барды

Чавушоглу БУУнун башкы борборунун так эле маңдайында бийиктеген Түрк үйүнүн Түркиянын эл аралык аренада  дайыма жактаган баалуулуктар системасынын да бир символу болорун белгиледи.

1176247
Тышкы иштер министри Нью - Йоркто курулуп жаткан Түрк үйүнө барды

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу АКШнын Нью – Йорк шаарында курулушу улантылып жаткан Түрк үйүнүн Манхаттан көрүнүшүнө кошумча көрүнүш кошорун айтты. Чавушоглу Нью – Йоркто БУУ имаратынын маңдайында курулушу улантылып жаткан Түрк үйү имаратынын курулушунда акыркы бетондун имараттын акыркы 35 -  кабатына чыгарылышынан улам өткөрүлгөн аземге катышты.

Курулуш тууралуу жетекчилерден маалымат алган Чавушоглу имараттын  5 -  кабатында араларында Түрк үйүнүн БУУнун туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, Түркиянын Нью – Йорк башкы консулу Алпер Акташ, БУУнун туруктуу өкүлчүлүк жана башкы консулдугунун кызматкерлери, фирма жетекчилери жана басма сөз кызматкерлерине кайрылды.

Нью – Йорк Түрк үйү имаратынын тышкы иштер министрлигинин тарыхында өлкө тышында ишке ашырган эң чоң курулуш долбоору болгондугун белгилеген Чавушоглу : «Нью – Йорк Түрк үйү эл аралык саясат форма алган жана глобалдык жолдор кесилишкен бул шаарга байлык кошот»,- деди. Чавушоглу : «Түрк үйү салттык түрк архитектурасынан алынган үлгүлөрү менен Манхаттандын көрүнүшүнө да кошумча кооздук кошот жана Нью – Йоркто көрүүгө боло турган имараттардын арасына кирет»,- деди.

Чавушоглу БУУнун башкы борборунун так эле маңдайында бийиктеген Түрк үйүнүн Түркиянын эл аралык аренада  дайыма жактаган баалуулуктар системасынын да бир символу болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар