Евфрат калканы аймагында бирдей убакта террордук кыймыл жасалды

Бомбалуу кол салууда 2 жаран каза тапты.

1106214
Евфрат калканы аймагында бирдей убакта террордук кыймыл жасалды

Сириянын түндүгүндө Евфрат калканы операциясы жүргүзүлгөн аймактагы Баб жана Чобанбейде бирдей убакта жасалган террордук бомбалуу кол салууда 2 жаран каза тапты.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда кол салуу Сириянын түндүгүндө Түркия чек арасындагы Чобанбей аймак борборунда ПТТ имаратынын жакындарыда бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган.

Кол салууда 20 жаран жараланды.

Чобанбейдеги жарылуудан кийин Түркия чек арасына 20 километр алыстыктагы Баб райондук борборунда  «Чоң мечит» деп билинген жана жарандар көп болгон аймакта да бир бомба жайгаштырылган унаа жардырылды.

Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 2 жаран каза болуп, 10 жаран жараланды. Окуя болгон жерге барган Жарандык коргоо топтору  изилдөө жана куткаруу иштерин баштатты. Кол салуудан тегеректеги унаа жана имараттар да зыян тартты.

Коопсуздук күчтөрү коопсуздук чараларын арттырып, жаралуулар ооруканага жаткырылды. Окуя болгон жерде иликтөө баштаган топтор кол салуунун террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан жасалышы мүмкүн экендиги боюнча токтолушууда.

Террордук кол салуулардын президент Р. Т. Эрдогандын кечээ Евфраттын чыгышына карата операция даярдыктарын билдиргенден кыска убакыттан кийин болушу көңүлдөрдү бурууда.

Президент Эрдоган түрк коргонуу өнөр жайынын саммитинде  берген маалыматында : «Евфраттын чыгышын террордук уюмдан куткарууга карата кыймылыбызды бир канча күндүн ичинде баштай турганыбызды айттык»,- деген.



Тектеш кабарлар