Бул жолугушуу эки тараптуу карым-катнаштарда бурулуш жер болушу мүмкүн

Мевлүт Чавушоглу, Сириянын Манбиж аймагы тууралуу америкалык кесиптеши Майк Помпео менен боло турган жолугушуунун АКШ менен эки тараптуу карым-катнаштардагы бурулуш жер боло ала турганын айтты.

985127
Бул жолугушуу эки тараптуу карым-катнаштарда бурулуш жер болушу мүмкүн

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сириянын Манбиж аймагы тууралуу америкалык кесиптеши Майк Помпео менен боло турган жолугушуунун АКШ менен эки тараптуу карым-катнаштардагы бурулуш жер боло ала турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу,АКШлык кесиптеши менен боло турган жолугушуу үчүн барган АКШнын борбор калаасы Вашингтондо Түрк-Америка Улуттук багыт берүү комитети (TASC) тарабынан Америкадагы Диянет борборунда (DCA) уюштурулган ооз ачар программасына катышты.

Бул жерде күн тартип тууралуу суроолорго жооп берген Чавушоглу: «Евфрат дарыясынын чыгышындагы Манбиж темасында эки министр катары бекиткенибизде муну (иш-аракет планы) ишке ашыра баштайбыз. Бул эки тараптуу карым-катнаштарда бурулуш жер болушу мүмкүн»,-деп айтты.

F-35 согуштук учактар темасында болсо АКШнын Конгрессинде Түркияга каршы атмосфера пайда болгонуна токтолгон Чавушоглу: «С-400дөр темасында да АКШ менен ортобузда чыңалуу пайда болду. Бирок биз алгач АКШдан жана шериктештерибизден бул системаларды алууну кааладык. Бирок сатышкан жок. Биз болсо Орусиядан алууга аргасыз болдук. Эгерде АКШ бизге буларды сатууга даяр болсо, биз шериктештерибизден да алууну каалайбыз»,-деди.

Бир суроого жооп иретинде Түркия менен АКШнын ортосундагы маселелерден бирөө да АКШнын террордук уюм ПКК/ПЙДга колдоо көрсөтүүсү болгонун билдирген Чавушоглу: «Биз Сирияга саясий чечүүчү жол табыш үчүн иштеп жатабыз. Сирияны бөлүүгө багытталган бардык аракеттерди четке кагабыз. Астана, Сочи жана Женева процесстери менен Сирияда саясий чечүүчү жол табыш үчүн негизги актер катары иштеп жатабыз»,-деп айтты.

Чавушоглу Кудс темасында да маанилүү маалымат берип, «Түркия катары Кудсту эч качан жалгыз калтырбайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар