Түркиянын алгачкы заманбап жергиликтүү автомобили чыгат

Жергиликтүү марка жаратуу максаты менен башталган иш-аракеттин алкагында фирманын  түзүлүү жана өнөктөштүк келишими үчүн 31-майда кол коюлду.

984482
Түркиянын алгачкы заманбап жергиликтүү автомобили чыгат

Түркиянын автомобилин демилгелөө тобу өнөр жай жана соода акционердик коомунун куралуусу  аяктады жана аны башкаруу үчүн Мехмет Гүржан Каракаш дайындалды.

Түркиянын автомобилин демилгелөө тобу өнөр жай жана соода акционердик коомунун жарыясына караганда президент Режеп Таййип Эрдогандын жол башчылыгында 2017-жылдын 2-ноябрында кол коюлган келишим менен Илим, өнөр жай жана технология министрлиги менен Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) координациясында Анадолу тобу, ВМС, Көк тобу, Түркселл жана Зорлу холдинг күчтөрүн бириктирип түзгөн Өнөктөш демилгечилер тобунун иштеринде маанилүү жерге жетилди.

Жергиликтүү марка жаратуу максаты менен башталган иш-аракеттин алкагында фирманын  түзүлүү жана өнөктөштүк келишими үчүн 31-майда кол коюлду.

Фирманын аталышы «Түркиянын автомобилин демилгелөө тобу өнөр жай жана соода акционердик коому» деп белгиленди.

Фирманы жетектөө үчүн дайындалган жана дүйнөдөгү глобалдык автомобиль тармагында ийгиликтери менен таанылган түрк башкаруучулардан Мехмет Гүркан Каракаш кызматын 1-сентябрда баштайт.

Түркиянын алгачкы жергиликтүү автомобили 100 пайыз электр энергиясы менен иштейт.

5 түрдүү үлгү менен жасалып чыгышы пландалган жергиликтүү автомобиль үчүн, 3 миллиард доллардык инвестиция салынат.

Автомобилдин 2019-жылы прототиби чыгарылып, 2021-жылдын акырында сериалуу өндүрүүгө өтүлүшү максатталууда.



Тектеш кабарлар