Андрей Карлов Анкарада Орусия элчилигинде эскерилди

Аземге катышкандар элчилик имаратынын ичиндеги Карлов эстелигине гүл чамбар коюшту.

872395
Андрей Карлов Анкарада Орусия элчилигинде  эскерилди

 Өткөн жылы борбор шаар Анкарада жасалган куралдуу кол салууда каза болгон Орусиянын Анкара элчиси Андрей Карлов Орусиянын Анкарадагы элчилигинде эскерилди. Эскерүү аземине Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов, тышкы иштер министрлигинин кеңешчи орун басары Үмит Ярдым жана Сауд Аравиянын Анкара элчиси Велид бин Абдулкерим ел- Хирейжи менен көп сандаган дипломат катышты. Аземге катышкандар элчилик имаратынын ичиндеги Карлов эстелигине гүл чамбар коюшту.

Ерхов аземде сүйлөгөн сөзүндө : «Кол салуу алдыңкы дипломат, ишенимдүү, сыйлуу жана мыкты мүнөзгө ээ бир досубузду бизден ажыратты»,- деди. Ерхов Карловдун атынын элчилик жайгашкан көчөгө жана элчиликтин кызматкерлеринин балдары барган мектепке берилгендигин эске салды.

Элчи Ерхов аземге катышкан орус парламенти жана орус парламентинин астыңкы канаты Думадан депутаттардын орток маселе болгон террорго каршы күрөшүү темаларын түрк кесиптештери менен сүйлөшүү үчүн Анкарага келишкендерин да белгиледи.

Түрк - орус коомдук форумунун кош төрагасы Ахмет Берат Чонкар Карловдун түрк- орус карым – катнаштарына оң салым кошкон, ийгиликтүү элчи, түрк калкынын да урмат – сыйына ээ инсан экендигин айтты.

Кылмыштын иликтөө иштеринин улантыдып жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Чонкар : «Бүгүн урматтуу элчинин жарым калган максаттарын ишке ашыруу баарыбыздын милдетибиз. Аткарыла турган эң негизги нерсе өлкөлөрүбүздүн ортосундагы карым – катанштардын алдыга жылдырылышына салым кошуу»,- деди. Азем Идил Биреттин фортепиано концерти менен аяктады.



Тектеш кабарлар