Түркия террордук уюмдардын ыпылас соодалашуусунан санааркаганын билдирди

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги террор уюмдары ДЕАШ менен ПЙД/ЙПГнын Сириянын Ракка шаарындагы соодалашуусуна карышылык көрсөттү.

847765
Түркия террордук уюмдардын ыпылас соодалашуусунан санааркаганын билдирди

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги террор уюмдары ДЕАШ менен ПЙД/ЙПГнын Сириянын Ракка шаарындагы макулдашуусуна үн катты.

Анда, «Террор уюмдары ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГнын карамагындагы жалган Сирия демократиялык күчтөрүнүн Ракканын ДЕАШ террордук уюмунан тазаланышына карата кыймылдар уланып жатканда ДЕАШ менен макулдашып, көп сандаган ДЕАШ террористин Раккадан эвакуация кылышынын абдан жаман жана сабак алынса боло турган абал экени» белгиленди.

Террор уюму ПЙД/ЙПГнын Сириядагы максатынын ДЕАШка каршы күрөш жүргүзүү эмес, аянтта мыйзамсыз «болоору болду» деген нерселерди жаратуу, жерди басып алуу жана бул жерлердеги демографиялык түзүлүштү алмаштыруу экенин баса белгилеген жарыяда, «Бул макулдашуу бир террор уюму менен күрөшүүнүн башка бир террор уюму менен жүргүзүлгөн учурунда бул террор уюмдарынын акыры барып бири-бири менен кызматташа турганы чындыгынын мисалы болду.

ДЕАШ менен күрөшүү боюнча эл аралык коалиция жана АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчылары тарабынан тема туурасындагы маалымдоолордо сөз болгон макулдашуу четке кагылбай, тескерисинче бул макулдашуунун «урматталганы» айтылышы өкүнтөт», делди.

 

 



Тектеш кабарлар